АКШ Кытайга каршы катуу чараларды көрө баштады

Кытайдын Хьюстондогу консулдугу жабылды.

1460915
АКШ Кытайга каршы катуу чараларды көрө баштады

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдын Хьюстон консулдугу "тыңчылыктын жана интеллектуалдык менчикти уурдоонун борборуна" айланганын айтты.

Помпео Калифорниядагы Ричард Никсон Президенттик китепканасында жана музейинде сүйлөгөн сөзүндө, Кытайдын президенти Си Цзиньпинди «кулаган тоталитардык идеологиянын жактоочусу» деп сыпаттады.

Помпео: «Кытай Коммунисттик партиясы чет элдик душмандарга караганда кытай элинин чын ыкластуу идеяларынан көбүрөөк коркот. АКШ Кытай эли менен кызматташып, аларга күч бериши керек»,- деди.

Министр Помпео ошондой эле Кытай темасында АКШны колдогон мамлекеттерге кайрылуусунда: «Дүйнөдөгү эркин элдер катары биз Кытай Коммунисттик партиясынын жүрүм-турумуна каршы так жолдор менен жүрүшүбүз керек. Пекин жетекчилигинин аракеттери биздин элибизге жана биздин жыргалчылыгыбызга коркунуч келтирип жатат» деп айтты.

Помпео Кытайга каршы катуу чараларды көрө башташгандарын белгилеп: «Ушул жумада биз Хьюстондогу Башкы консулдугун жаптык, анткени ал тыңчылык жана интеллектуалдык менчикти уурдоо борбору катары колдонулган», - деди.



Тектеш кабарлар