Индияда сел жүрүп 111 киши каза тапты

Индиянын Ассам провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкыны жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 111 адамга жетти.

1459327
Индияда сел жүрүп 111 киши каза тапты

 

Индиянын Ассам провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкыны жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 111 адамга жетти.

Ассам мамлекеттик кырсыктарды башкаруу мамлекеттик агенттигинин (ASDMA) билдирүүсүнө ылайык, ушул кезге чейин штатта болгон суу ташкынынан болжол менен 2,5 миллион адам жабыркады.

Билдирүүдө Ассамдагы суу ташкыны жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны Сонапур аймагында дагы бир адам каза болгондон кийин 111 кишиге көбөйгөнү айтылды.

ASDMAнын расмий өкүлү сел каптоодон келип чыккан суу ташкынынан 85 адам каза болгонун жана 26 адам жер көчкөдөн улам каза болгонун билдирди.

Үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондор штат боюнча табигый кырсыктан жапа чеккендер жардам көрсөтүү лагерлерине жайгаштырылды.

Кырсыктарга чара көрүү боюнча мамлекеттик фонд (СДРФ), жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү эл тарабынан жүргүзүлгөн биргелешеип иштөөлөрдө жекшемби күндөн дүйшөмбүгө чейин 291 адам куткарылганын билдирди.

Ассам штатынын премьер-министри Сарбананда Соновал кырдаалды баалоо үчүн провинциянын бир нече райондорунда болуп, жергиликтүү бийликтерге суу ташкынынан жабыркагандарга керектүү чараларды көрүүнү тапшырды.



Тектеш кабарлар