Францияда Аль Нахайянга карата тергөө иши башталды

Анын Йемендеги кыргынга шерик болгондугу айтылууда.

1457265
Францияда Аль Нахайянга карата тергөө иши башталды

Францияда Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Заид Аль Нахайянга карата Йемендеги кыргынга шерик болгон деген негизде тергөө иши башталды.

Француз басма сөзүндөгү кабарларга караганда, мураскор ханзаада Мухаммед бин Заидге каршы Йемендеги түрмөлөрдө кыргынга шериктеш болгон деген негизде 2019-жылдын октябрь айында тергөө ачылган.

Тергөө иши Мухаммед бин Заиддин 2018-жылдын ноябрь айында Парижге жасаган расмий сапары учурунда болгон эки кылмыш арызынан кийин башталган.

Көптөн бери саясий туруксуздук өкүм сүргөн Йеменде хусийлер 2014-жылдын сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана айрым аймактарды көзөмөлдөп келишет.

Сауд Арабия башында турган коалициялык күчтөр болсо 2015-жылдын март айынан бери хусийлерге каршы операцияларды жүргүзүп, Йемен өкмөтүн колдоп келишет.

Бирок, коалициянын кийлигишүүсү менен Йемендеги кырдаал ого бетер начарлап кетти.



Тектеш кабарлар