АКШнын Эл аралык соода соту түрк болотуна карата өкүм чыгарды

Трамптын чечимин конституциялык эмес деп тапты.

1455188
АКШнын Эл аралык соода соту түрк болотуна карата өкүм чыгарды

АКШнын Эл аралык соода соту, президент Дональд Трамптын Түркиядан импорттолгон болоттун бажы салыгын эки эсеге көбөйтүү чечимин конституциялык эмес деп өкүм чыгарды.

Соттун өкүмүндө, Түркиядан импорттолгон болоттун бажы тарифи катышынын эки эсеге көбөйтүлүшү чечиминин жол-жобосу жагынан жетишсиз экендиги жана конституциянын "бирдей коргоо кепилдигин" бузгандыгы айтылды.

Ушул алкакта Трамптын 2018-жылдын август айындагы Түркиядан импорттолгон болоттун бажы тарифтери катышын 25 пайыздан 50 пайызга көтөрүү чечиминин конституциялык эмес экендигине өкүм чыгарылды.

2018-жылдын март айында Дональд Трамп улуттук коопсуздукту коргоону себеп көрсөтүп, импорттолгон болотко 25 пайыздык тариф киргизүүгө макул болгон.

Ал эми Түркия буга байланыштуу АКШга керектүү кеңешүүлөрдү өткөрүүнү суранган, бирок оң натыйжа чыккан эмес. Түркия аты аталган чечимдин Дүйнөлүк Соода Уюмунун (ДСУ) эрежелерине карама-каршы келгендигин айтып, АКШны ДСУга арызданган эле.

Трамп 2018-жылдын 10-августунда Түркиядан импорттолгон болот жана алюминий үчүн бажы салыгын эки эсеге көтөргөнүн жарыялап, "Алюминийде бул катыш 20 пайыз, болотто 50 пайызды түзөт. Түркия менен мамилебиз азыркы учурда жакшы эмес» деген болчу.

АКШ 2018-жылдын 13-августунан тартып Түркияда чыгарылган болоттон жасалган буюмдарга бажы салыгын эки эсеге көтөргөндөн кийин Түркия дагы айрым АКШ товарларынын импортунда кошумча каржылык милдеттенмелердин ставкаларын ушундай эле катышта көбөйткөн болчу.

Акыры, Америка Кошмо Штаттары 2019-жылдын 21-майында Түркиядан импорттолгон болоттон жасалган буюмдарга кошумча салыктарды 50 пайыздан 25 пайызга чейин түшүргөн.



Тектеш кабарлар