Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Ковид - 19 али да болсо жалпы дүйнөгө таасирин тийгизүүдө.

1450984
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 547 817ге, вирус жуккандардын саны 12  миллион 1 000ге жакындап, айыккандардын саны 6 миллион 946 000ден ашты.

Индияда 482 кишинин дагы каза болушу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 20 642ге жогорулады. 24 саатта 22 752 кишиде виурс аныкталып, жалпы бейтап саны 742 417ге жогорулады.

4 634  киши каза болгон Кытайда акыркы 24 саатта 7 кишиде вирус аныкталды. Бул 7 кишинин баары өлкө тышынан келгендер. Ушулар менен жалпы вирус жуккан киши саны 83 572ге жогорулады.

Түштүк Кореяда эпидемия башталгандан бери  258 киши каза болду. Ооруну көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунан берилген маалыматта 24 саатта өлкөдө 63 жаңы учур катталды. Алардан 33 киши өлкө тышынан келгендер экени белгиленди. Ушундайча жалпы бейтап саны 13 244кө чыкты.

Россияда вирустан каза болгондордун саны 10 667, вирус жугузгандардын саны да 700 792ге жетти. 

Израилде 342 киши каза болуп, Ковид  - 19 аныкталган киши саны 32 222ге жогорулады.

Түштүк Африка Республикасында 24 сааттын ичинде вирустан 192 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 3 502ге жогорулады. Өлкөдө вирус жугузган киши саны 212 855ге жетти.

Суданда акыркы 24 саатта Ковид  - 19дан 6 киши дагы каза болуп, 103 жаңы учур катталды. Вирустан каза болгондордун жалпы саны 622ге, вирус жугузгандардын жалпы саны да 9 997ге чыкты.

Жалпы Африкада вирустан 12015 киши каза болуп, вирус жугузгандардын саны 511 170ке жакындады. Африка Өнүгүү Банкы Ковид  - 19 эпидемиясынын 49 миллионго жакын африкалыкты ашыкча жакырдыкка түртүшү мүмкүн экенин билдирди.

Зимбабведе вирустан 9 киши каза болуп, вирус жуккан бейтап саны да 787ге жетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри Абадиах Мойо коронавирус эпидемиясы мезгиилнде коррупцияга аралашты деген негиз менен кызматынан алынды. Мойо Ковид  - 19 процессинде 60 миллион долларлык медициналык каражат тууралуу коррупцияга аралашты деген негиз менен өткөн айда камоого алынган. 

Индонезияда жаңы тип коронавирустан улам 2 жыл бою мамлекеттик кызматкерлердин жумушка орношпой тургандыгы билдирилди.

Египетте 3 489 киши каза болгон болсо, вирус жугузгандардын саны 77 000ге чыкты. 

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19 дун айынан каза болгон кишилердин саны төмөнкүчө:

Пакистанда 4  922, Иракта 2  685, Бангладеште 2 151, Сауд Арабиясында 2059, Кувейтте 377, Бириккен Араб Эмираттарында  326 жана Катарда 134.

 



Тектеш кабарлар