Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус
Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.
![Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/46af/02ed/73a1/5ef89f7378ae1.jpg?time=1718927290)
Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 503 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 10 миллион 195 миңден ашты. Ал эми 5 миллион 519 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.
Вирустан акыркы бир күндө 4 киши көз жумган Кувейтте каза тапкандардын жалпы саны 348ге жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 551ге көбөйүп 44 миң 942 болду.
Бириккен Араб Эмирликтеринде Ковид-19дун айынан 2 киши каза болуп, 437 киши вирусту жуктуруп алды. Ушундайча каза тапкандардын жалпы саны 313кө, илдетке кабылгандардын саны 47 миң 797ге жетти.
Бахрейнде пандемиянын кесепетинен 5 киши каза болду жана 462 жаңы учур катталды. Өлкөдө каза тапкандардын жалпы саны 78ге, жуктуруп алгандардын саны 25 миң 267ге жетти.
Акыркы 24 саатта бир киши Ковид-19дан көз жумган Ливанда каза тапкандардын жалпы саны 34кө, вируска чалдыккандардын саны 21 жаңы учур менен бирге 1 миң 770 болду.
82 адам көз жумган Катарда илдетти жуктургандардын саны 1 миң 750кө көбөйүп 94 миң 413кө жогорулады.
Ливияда дагы 14 киши вирусту жуктуруп жалпы 727ге жетти.