Түндүк уюлда күн катуу ысып жатат

Сибирдин Верхоянск шаарында абанын температурасы 38 градуска чейин көтөрүлүп кеткендиги кабарланды.

1441526
Түндүк уюлда күн катуу ысып жатат

Сибирдин Түндүк уюл кеңдигинин жогорусунда жайгашкан аймактарда күн буга чейин болуп көрбөгөндөй ысып жаткандыгы, парник газдарынын кесепетинен мөңгүлөрдүн эриши жана анда чыккан өрттөрдүн спутниктин сүрөттөрүнө чагылгандыгы белгиленди.

Сибирдин Верхоянск шаарында абанын температурасы 38 градуска чейин көтөрүлүп кеткендиги кабарланды.

Россиянын Сибирь аймагында абанын температурасы мезгилдик нормадан абдан жогору болуп жаткандыгы жана 67,5 түндүк кеңдикте жайгашкан Верхоянкс шаарында дем алыш күндөрү аныкталган 100,4 фаренгейттин (38 градус), 66,5 кеңдиктен башталган Түндүк уюлдун айланасында өлчөлгөн эң жогорку температура экендиги белгиленди.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Канада менен чектешкен Мэн штатынын Карибу шаарындагы 96 фаренгейттин да (35,5 градус) бардык мезгилдердин эң жогорку жылуулугу экени, ал эми өлкөнүн түштүгүндөгү Майами шаардагы абанын температурасы 1896-жылдан бери биринчи жолу 100 фаренгейтке (37,7 градуска) чейин жеткендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар