Ирактагы АКШ базасына ракета атылды

Бул тууралуу Ирак өкмөтүнө караштуу Коопсуздук медиа желеси тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө маалымдалды.

1435448
Ирактагы АКШ базасына ракета атылды

Ирактын борбор шаары Багдаддын түндүгүндө Американын аскерлери орун алган Тажи аскердик базасына ракеталык кол салуу болду.

Ирак өкмөтүнө караштуу Коопсуздук медиа желеси тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүгө караганда борбор шаар Багдаддын түндүгүндөгү Американын аскерлери орун алган Тажи аскердик базасына 2 даана "Катюша" ракетасы атылганы маалымдалды.

Иракта коалициялык күчтөр жайгашкан Тажи базасына болгон ракеталык кол салууда каза тапкан эч ким болгон жок.

Билдирүүдө, АКШ жана Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн кол салуу тууралуу териштирүүнү баштагандары белгиленди.



Тектеш кабарлар