Багдат аэропортуна жакын жерге ракеталык кол салуу болду
Коопсуздук Медиа Желеси тарабынан : "Ракетанын Багдаттын түштүгүндөгү Араб Худайр аймагынан атылганы аныкталды»,- деп билдирилди.
1432506
Ирактын борбор шаары Багдатта аэропорт жакынына ракеталык кол салуу жасалды.
Ирак өкмөтүнө караштуу Коопсуздук Медиа Желеси тарабынан берилген маалыматта : «Багдат аэропортунун жакынына ракеталык кол салуу болду. Ракетанын Багдаттын түштүгүндөгү Араб Худайр аймагынан атылганы аныкталды»,- деп билдирилди. Маалыматта Ирак коопсуздук күчтөрүнүн «террордук кол салууну» ишке ашырган кишилердин кармалышы үчүн издөө иштерин баштаганы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Индонезияда жер көчкү жана сел: 41 адам каза болду
Жаман аба ырайынын иш-аракеттерге тоскоол болгону маалымдалды.