АКШ Орусиядан алган дем алдыруучу аппараттарды кайтарып берет

Орусияга АКШга медициналык жардам катары дем алдыруучу аппараттарды жөнөткөн болчу.

1416652
АКШ Орусиядан алган дем алдыруучу аппараттарды кайтарып берет

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Россиядан коронавирустун жаңы түрү (ковид-19) менен күрөшүүнүн алкагында жөнөтүлгөн дем алдыруучу аппараттарды кайтарып берүүнү чечти.

АКШнын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча федералдык агенттигинин өкүлү Жанет Монтеси, Россиянын АКШга медициналык жардам катары жиберген дем алдыруучу аппараттардын Россияда өрт чыккан ооруканаларда колдонулган модель менен окшош экендигин, ошондуктан Америка Кошмо Штаттары шаймандарды Орусияга кайтарууга даярданып жаткандыгын айтты.

Орусиянын Федералдык саламаттык сактоо кызматы (Росздравнадор), Санкт-Петербург жана Москвадагы эки ооруканада чыккан өрттүн себебинен саламаттыкты сактоо мекемелеринде колдонулган дем алдыруучу аппараттардын сапатын текшерүүгө даярданып жаткандыгын жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар