Ирандан Астана процесси тууралуу маалымат берилди

Астана процесси Сирияда туруктуу тынчтыктын камсыздалышы үчүн Түркия, Орусия жана Иран тарабынан 2017-жылы башталган.

1414547
Ирандан Астана процесси тууралуу маалымат берилди

Иран, «Астана процессиндеги өлкөлөрдүн Сирия мамлекетинин келечеги тууралуу чечим чыгарганы» тууралуу кабарларды төгүнгө чыгарды.

Ирандык студенттер маалымат агенттигине (ISNA) караганда, Ирандын тышкы иштер министрлигинин катчысы Сеййид Аббас Мусеви: «Астана процессиндеги өлкөлөрдүн Сирия мамлекетинин келечеги тууралуу чечим чыгарганы жөнүндөгү кабарлар, чындыкты чагылдырбайт»,-деп айтты.

Тегеран башкаруучулугунун ар дайым Сирия мамлекети жана улутунун жанында орун алганын белгилеген Мусеви, «Сириянын келечеги тууралуу чечимди, Сирия калкынын чыгарышы керектигин» баса белгиледи.

Мындан мурда Орусиянын медиасында да «Орусия, Түркия жана Ирандын Сирияда Башар Асадды бийликтен четтетип, оппозиция дагы арасында болгон убактылуу өкмөт курууну пландаганы» тууралуу айтымдар орун алган.

Астана процесси Сирияда туруктуу тынчтыктын камсыздалышы үчүн Түркия, Орусия жана Иран тарабынан 2017-жылы башталган.



Тектеш кабарлар