Орусиянын аскерлери Сирияда АКШнын аскерлеринин жолун тороду

Американын аскерлеринин чыгып кетишинен кийин учкан АКШнын 2 согуштук учагы да аймактан кетти.

1409746
Орусиянын аскерлери Сирияда АКШнын аскерлеринин жолун тороду

Сириянын түндүк чыгышында мындан мурда АКШ күчтөрү тарабынан жолдору торолгон Орусиянын аскерлери, алгач ирет Американын аскерлерин токтотуп жооп кайтарды.

Орусиянын аскерлери террордук уюм ЙПГ/ПККнын басып алуусу атындагы Камышлы районунун борборуна баргысы келген АКШнын аскерлеринин жолун тороп аларды артка кетүүгө мажбурлады.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда АКШнын аскерлерин ташыган 10 зооттолгон унаа, Хасекеде Румейлан-Камышлы багытында күзөт кылган убакта, райондун борборунун 20 чакырым чыгыш жагындагы Хазна Кесилишинде 9 зоотолгон унаалар менен күтүп турган орус аскерлери тарабынан токтотулду.

Ушундайча АКШ күчтөрү, Камышлынын түндүк чыгыш жагындагы Румейланга артка кайтууга аргасыз болду.

Американын аскерлеринин чыгып кетишинен кийин учкан АКШнын 2 согуштук учагы да аймактан кетти.

Орус аскерлеринин январь айынан бери Румейлан мунай аянтына баруусуна АКШ аскерлери тарабынан көп жолу бөгөт коюлган.



Тектеш кабарлар