Британия Ирандын спутник учурушуна каршы чыкты

Британия  Ирандын баллистикалык ракета технологиясын колдонуу менен космоско спутник учурушунун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимине тескери экендигин белгиледи.

1404938

Британиянын тышкы иштер министрлигинин катчылыгынан берилген маалыматка караганда БУУнун Иранды атомдук курал ташуу көлөмүнө ээ болушуна мүмкүнчүлүк түзө тургандай баллистикалык ракеталарга байланыштуу кандайдыр бир иш аракетте болбоого чакыргандыгы эске салынып, Тегерандын буга баш ийүүгө мажбур экендиги белгиленди.

Маалыматта : «Эл аралык өнөктөштөрүбүз менен бирдикте Ирандын аймактын ырааттуулугун бузган жана аймактык коопсуздукту коркунучка салган баллистикалык ракета программасы тууралуу олуттуу жана узун убакыттан бери келе жаткан тынчсызданууларыбыз бар»,- деп билдирилди.

АКШ Ирандын «Ортоңку Чыгыш жана Европаны коркунучка салган континенттер аралыкбаллистикалык ракета программасын спутник тууралуу иш аракеттеринин артына жашыргандыгын» айтууда. Иран болсо чыгарылган ракеталардын кадимки эле ракета экендигин жактап жатат.

Тектеш кабарлар