Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус
Коронавирустун кесепети
1401364
Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 165 миңден, жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 402 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 615 миңди артка калтырды.
52 киши Covid-19дун себебинен каза тапкан Түштүк Африка Республикасында көчөгө чыгууга тыюу салынган Йоханнесбургда жашоо токтоп калган сыяктуу. Бош калган көчөлөрдө ачка калган үй-жайсыздар, унааларды токтотуп жана турак үйлөрдүн коңгуроосун басып тамак-аш сурай башташты.
Ирак өкмөтү, жаңы типтеги коронавирустун айынан 17-марттан бери соода-сатыкка жана иш чөйрөсүнө киргизген чектөөлөрдү жеңилдеткенин билдирди. Өлкөдө коронавирустан 82 киши каза болуп, ооруга чалдыккандардын саны 1 миң 539га жеткен.