Испания Малидеги 100 аскерин чыгарып кетти
Европа Биримдигинин машыктыруу миссиясында кызмат өтөгөн аскерлерден ушул учурга чейин 7синде Ковид-19 табылды.
1399032
Европа Биримдигинин Малидеги машыктыруу миссиясында кызмат кылган испан аскерлеринен 100дөн ашуунунун коронавирус пандемиясынын себебинен өлкөсүнө кеткендиги билдирилди.
Мали басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Испаниянын коргоо министрлиги Ковид-19 пандемиясынын себебинен миссиядагы 278 аскеринен 100дөн ашуунун чыгарып кетти.
Өлкөсүнө кайткан аскерлерден бирөөндө коронавирус аныкталды.
Европа Биримдигинин машыктыруу миссиясында кызмат өтөгөн аскерлерден ушул учурга чейин 7синде Ковид-19 табылды.