Коронавирус дүйнөнүн шайын кетирди

Коронавирустун көрсөткүчтөрү

1397907
Коронавирус дүйнөнүн шайын кетирди

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (СOVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 120 миңден, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 926 миңден ашты. Ал эми айыгып чыккандардын саны 452 миңден ашты.

Пандемиянын чордонуна айланган АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 23 миң 644, ооруга чалдыккандардын саны 587 миң 155 болду. Каза тапкандардын 10 миңи Нью-Йоркто катталды. Губернатор Эндрю Куомо, ооруканага күн сайын 2 миң кишинин кайрылгандыгын айтты. Нью-Йоркто билим берүү бөлүмүнө караштуу 50 кызматкердин коронавирустун айынан көз жумгандыгы аныкталды.

Италияда бир күндүн ичинде 566 киши көз жумуп, каза тапкандардын жалпы саны 20 миң 465ке жогорулады. 3 миң 153 жаңы бейтап менен бирге вирусту жуктуруп алгандардын саны 159 миң 516 болду.

Испанияда Ковид-19 пандемиясынан каза тапкандардын саны 24 саатта 567ге көбөйүп 18 миң 56га жогорулады.

Францияда коронавирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 574кө көбөйүп 14 миң 967ге жетти. Президент Эммануэль Макрон улутка кайрылуу сөзүндө, эркин жүрүүгө чектөө коюунун 11-майга чейин узартылгандыгын билдирди.

Англияда Ковид-19дун себебеинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 717ге көбөйүп 11 миң 329 деп катталды, ооруну жуктуруп алгандардын саны 4 миң 342ге өсүп 88 миң 621ге жетти. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу тышкы иштер министри Доминик Рааб күнүмдүк маалымат жыйынында, пандемияда дагы деле туу чокунун көрүлө электигин айтты.

4 миң 157 адам каза болгон Бельгияда вирусту жуктургандардын саны 24 саатта 530га көбөйүп 31 миң 119га жетти.

Балкан өлкөлөрүндөгү көрсөткүчтөр төмөнкүчө:

Сербияда 85/4 миң 54, Черногория 3/273, Албания 23/467, Хорватия 50 / 1 миң 650, Словения 55 / 1 миң 212, Румыния 318/6 миң 633, Греция 98/2 миң 114, Босния-Герцеговина 39 / 1 миң 30, Түндүк Македония 38/854, Болгария 31/676, Косово 8/362

Ал эми Канадада 833 киши каза болуп, 25 миң 680 кишиде вирус аныкталды.

Жаңы Зеландияда болсо каза тапкандардын саны 9га, вируска чалдыккандардын саны 1 миң 366га жетти.

Бразилияда 24 саатта 105 киши көз жумуп, жалпы 1 миң 328ге, ооруну жуктуруп алгандардын саны 23 миң 430га жогорулады.

Эквадордо 355 киши каза болуп, 7 миң 539 кишиде вирус аныкталды.

Кариб аралдарындагы Доминик Республикасында 17-майда өткөрүлүшү пландалган президенттик шайлоонун биринчи айлампасы Ковид-19дун себебинен 5-июлга жылдырылды.



Тектеш кабарлар