ЭВФду глобалдык экономикалык тараюу тууралуу билдирди

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ ) төрайымы Кристалина Георгиева: «Чоң депрессиядан бери эң жаман экономикалык тараюну күтүп жатабыз»,- деди.

1395175
ЭВФду глобалдык экономикалык тараюу тууралуу билдирди

Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ ) төрайымы Кристалина Георгиева жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам : «Чоң депрессиядан бери эң жаман экономикалык тараюну күтүп жатабыз»,- деди. Георгиева 2020 жазгы жыйындарынан мурда : «Кризис менен беттешүү : глобалдык экономика үчүн алдыңкылыктар» деген темада сөз сүйлөдү. Ковид - 19 эпидемиясынын социалдык жана экономикалык тартипти тарыхта болбогондой өлчөмдө бузгандыгына көңүлдөрдү бурган Георгиева кризистин тереңдиги жана мөөнөтүнүн белгисиздик ичинде экендигин баса белгилеп : «Глобалдык өсүүнүн 2020 -жылы негатив экендиги так түрдө белгилүү. Чоң депрессиядан бери болгон эң жаман экономикалык тараюун күтүп жатабыз»,- деди.

170тен ашуун өлкөнүн бул жылдын киши башына түшкөн кирешенин өсүшүнүн негатив болорун белгилеген Эл аралык валюта фондунун төрайымы Африка, Латын Америка жана Азияда өнүгүп келе жаткан жана төмөнкү кирешелүү өлкөлөрдүн чоң риск астында экендигин баса белгиледи.

1929 -жылы башталып жана 1930 -жылдары да улантылган Чоң депрессия Түндүк Америка жана Европаны борбору кылып алганына карабастан дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө да кыйратуучу таасирлерди жараткан.



Тектеш кабарлар