Дүйнө элин убайга салган коронавирус...

Орусияда акыркы 24 саатта дагы 2 өлүм катталып, 954 кишиде вирус аныкталды. Ушундайча  каза тапкандардын саны 4ге, жуктуруп алгандардын саны 6 миң 343кө жогорулады.

1392424
Дүйнө элин убайга салган коронавирус...

Дүйнөнүн жалпысында жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19/Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны 70 миңге чукулдап, жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 250 меңден ашты.

Ливиянын мурдагы премьер-министри Махмуд Жибрил, жаңы типтеги коронавирустун себебинен каза тапты. Египеттин медиасында орун алган кабарга караганда Мажмуд Жибрил 27-мартта Египеттин борбор калаасы Каирде жаңы типтеги коронавирус тести позитив болуп чыгышынан кийин дарылана баштады. Ден-соолугу кечээ татаалдашкан Махмуд Жибрил, жумшалган бардык аракеттерге карабастан куткарыла алган жок.

Орусияда акыркы 24 саатта дагы 2 өлүм катталып, 954 кишиде вирус аныкталды. Ушундайча  каза тапкандардын саны 4ге, жуктуруп алгандардын саны 6 миң 343кө жогорулады. Орусияда 3 чиркөө базарында Ковид-19 аныкталганы боюнча сыйынууга катышкандардын изоляция кылынышы керектиги жарыяланды.

Ковид-19 жуктуруп алгандардын саны Сауд Арабияда 2 миң 463кө, Бириккен Араб Эмирликтеринде 1789га, Иорданияда 345ке, Палестинада 252ге жетти.

Мароккодо Ковид-19дун себебинен дагы бир 1 киши каза болду жана жалпы каза болгондор 71ге жетти. Өлкөдөгү жуктуруп алгандардын саны 1113кө жетти.

Ливандын Салааттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү жарыяда, вирус жуккан дагы 1 кишинин каза болгону, ушундайча Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 19га жогорулады. Анда өлкөдөгү жуктуруп алгандардын санынын да 541ге жогорулаганы белгиленди.

Кувейттин саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Абдуллах эс-Сенед, өлкөдөгү жуктуруп алгандардын санынын 665ке жогорулаганын жарыялады.

Омандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү жалпы инфекцияга чалдыккандардын санынын 331ге жеткенин билдирди.

Жапонияда вирустун себебинен каза болгондордун саны 104, жуктуруп алгандардын саны болсо 4 миң 570 болду.

6 киши каза болгон, Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 1309га жогорулаган Сингапурда өкмөт көп сандаган жуктуруп алгандар аныкталганы боюнча орто эсеп менен 20 миңдей чет элдик жумушчуну карантинге алды.

Шри Ланкада пандемиянын себебинен өткөн айда 6 чоң шаарда эки апталыгына жарыяланган көчөгө чыгууга тыюу салуу дагы эки аптага узартылды.

Израилде Ковид-19дун себебинен каза болгондор 51ге, жуктуруп алгандар 8 миң 611ге жетти.

Батыш африка өлкөсү Либерияда Ковид-19дун себебинен алгачкы өлүм катталды. Өлкөдө ушул убакка дейре жуктуруп алган 13 киши аныкталды.

Африка материгинде акыркы 24 саатта дагы 54 бейтап каза тапты. Ушундайча материктеги каза болгондордун жалпы саны 414 болду. Материкте 51 өлкөгө жайылган жуктуруп алгандардын саны болсо бир күндө 8 миң 536дан 9 миң 198ге жогорулады. Айыгып чыккандардын саны 813 болду. Африканын жалпысында ушу убакка дейре 43 өлкө чек араларын толугу менен жапса, 7 өлкө да эл аралык аба транспортун соңуна чыгарды.

Жаңы типтеги корнавирус пандемиясынын себебинен 50 киши каза болгон Пакистанда абактарда жаткан 49 кишиде вирус аныкталганы жарыяланды.

209 киши каза тапкан Индонезияда Ковид-19ду жуктарап алгандардын саны 1 күндө 218 кишиге көбөйүп 2 миң 491ге жетти.



Тектеш кабарлар