БУУ коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында глобалдык ок атпоо чакырыгын салды

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, видеоконференция жолу менен өткөргөн маалымат жыйынында, бүткүл дүйнөнүн орток душманы болгон Ковид-19 менен бетме-бет келгенине карабастан куралдуу кагылышуулардын жана согушуулардын дагы деле уланып жатканын айтты.

1384086
БУУ коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында глобалдык ок атпоо чакырыгын салды

БУУ жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) менен күрөшүүнүн алкагында глобалдык ок атпоо чакырыгын салды.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш, эпидемия менен күрөшүүнүн алкагында дүйнөнүн эң коргоосуз согуш аймактарында гуманитардык коридорлордун түзүлө алуусу үчүн глобалдык ок атпоо чакырыгын салды.

Гутерриш видеоконференция жолу менен өткөргөн маалымат жыйынында, бүткүл дүйнөнүн орток душманы болгон Ковид-19 менен бетме-бет келгенине карабастан куралдуу кагылышуулардын жана согушуулардын дагы деле уланып жатканын айтты.

Саламаттык сактоо системалары кыйраган жана саламаттык сактоо кызматкерлери бутага алынган согуш аймактарында коргоосуз жана жеринен ажыраган кишилердин жана качкындардын коронавирус эпидемиясынан эки эсе дагы көп таасир алуу тобокелдигине дуушар болгону боюнча эскерткен Гутерриш: «Дүйнөнүн бардык булуң-бурчунда уланган согушуулар үчүн дароо глобалдык ок атпоо чакырыгын салуудамын»,-деди.

Гутерриш: «Куралдарды жана замбиректин атууларын токтоткун, абадан кол салууларды соңуна чыгар. Ковид-19га карата эң коргоосуз аймактарда абдан маанилүү болгон гуманитардык жардам коридорлорунун түзүлүүсү үчүн абдан маанилүү болуп саналат»,-деп айтты.

Согуш оорусу соңуна чыгарылып дүйнөгө бүлүк салган коронавирус эпидемиясы менен күрөшүлүшү керектигин баса белгилеген Гутерриш: «Бул болсо жалгыз бардык согуштардын токтотулушу менен ийгиликке жетишет жана адамзаттын учурда буга бардык нерседен көп муктаждыгы бар»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар