Ковид  - 19 вирусун  жугузган киши саны  270 миңге жетти

Иранда акыркы 24 саатта 123 кишинин дагы каза болушу менен каза болгон жалпы киши саны 556га жетти.

1382454
Ковид  - 19 вирусун  жугузган киши саны  270 миңге жетти

Декабрь айында ортого чыккандан бери жалпы дүйнөгө жайылган Ковид  - 19 вирусун  жугузган киши саны  270 миңге жетип, каза болгон киши саны да  11 миңден ашты.

Вирус чыккан Кытайда каза болгондордун саны 3255ке жогорулады.

Иранда акыркы 24 саатта 123 кишинин дагы каза болушу менен каза болгон жалпы киши саны 556га жетти.

Ирандын президенти Хасан Рухани коронавирустан улам жалпы өлкөдө жабылган билим берүү мекемелеринин иштери бардык нерсе пландалгандай кете турган болсо 4 -  апрелде башталарын айтты.

Азыркы учурдагы максаттарынын өлкөдө Ковид  - 19 вирусун жугузгандардын жана каза болгондордун санын азайтуу экендигин белгилеген Рухани : «Ооруканалардагы бейтап санын азайтууну максат кылуудабыз. Абалы олуттуу болбогон  бейтаптар үчүн эң мыкты дарылоочу жер оорукана эмес үйү»,- деди.

Рухани мындай абалда билим берүү мөөнөтүнүн башталгыч, орто мектептер менен лицейлерде бир ай, университеттерде болсо үй жумага узартыларын, бул тууралуу чечимдин келерки жумада чыгарыларын айтты.

Иранда тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф өлкөсү коронавирус менен күрөшүп жатканда АКШнын санкцияларды жоюу чакырууларын четке кагышына каршылык көрсөттү.

Зариф : «АКШ башкаруусу Иран жарандарынын каза болушунан кубанат. Силердин   саясатыңар жамандыктар менен эскерилет бирок Иран мамлекети кулабайт»,- деди.

Түштүк Кореяда коронавирустан каза болгондордун саны 100гө жетти.

Россияда 54 кишиде коронавирус аныкталып, жалпы бейтап саны 253кө жогорулады. Бир киши каза болгон өлкөдө тышкы иштер министрлиги өлкө тышындагы жарандарын өлкөгө алып келүү үчүн аракетке өттү.

Израилде коронвирустан биринчи жолу 88 жаштагы бир киши каза болду.

Бирккен Араб Эмирликтеринде коронавирустан биринчи жолу эки киши каза болду.

Иорданияда болсо бейтап саны 69га жетип, көрүлгөн чаралардын негизинде көчөгө чыгууга тыюу салынды.

Тунистин президенти Кайс Саид коронавируска карата көрүлгөн чаралардын негизинде жалпы өлкөдө карантинге өтүлөрүн билдирди. Өлкөдө 54 бейтап бар.

Борбордук Африка өлкөсү Габондо коронавирустан бир кишинин каза болгондугу билдирилди. Өлкөдө мектептер жабылып, чоң иш чаралар менен майрамдар токтотулуп, коомдук жерлерде 30дан ашуун кишинин чогулушуна тыюу салынды.

Африка өлкөсү Тогодо Ковид  - 19 жугузган киши саны бирден тогузга жогорулады.

Буркина Фасодо болсо аймактык жана менчик башкаруу төрагасы Симеон Саудого менен билим берүү министри Станислас Оурого жасалган тесттин позитив чыккандыгы билдирилди. Бир киши каза болгон өлкөдө бейтап саны 40ка жетти.

Египет, Түштүк Африка Респубикасы менен Мароккодо 900гө жакын вирус жугузган киши болгон жана булардан 23 киши каза болгон.

Нигер, Кабо Верде жана Папуа Жаңы Гинеде биринчи жолу вирус жугузгандар аныкталды. Папау Жаңы Гинеде эртеңден баштап чет элдиктердин өлкөгө киришине бир жума уруксат берилбейт.

Сингапурда вирустан 385 киши таасирленип, 2 киши каза тапты.



Тектеш кабарлар