Россиянын президенти Путин Коопсуздук Кеңешинде Идлиб маселесин сүйлөштү

Президент Эрдоган менен Путин кечээ өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Идлибдеги абал тууралуу сүйлөшүшкөн.

1377907
Россиянын президенти Путин Коопсуздук Кеңешинде Идлиб маселесин сүйлөштү

Россиянын  президенти В. Путин Коопсуздук Кеңеши менен Сириянын Идлиб аймагы тууралуу сүйлөштү.

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Путиндин Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен жыйын өткөргөндүгүн билдирди. Жыйында Идлибдеги абалдын каралагандыгын белгилеген Песков : «Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдогандын Россия сапарында Идлибге байланыштуу түзүлгөн келишимдердин ишке ашырылышы белгиленди»,- деп билдирди.

Д. Песков жаңы тип коронавирус тууралуу абалдын да каралгандыгын белгилеп, эл аралык базардын толкундагандыгы тууралуу пикир алышууларда болушкандарын айтты.

Президент Эрдоган менен Путин кечээ өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Идлибдеги абал тууралуу сүйлөшүшкөн.



Тектеш кабарлар