Иран буктурмаларына абадан операция жүргүзүлдү
АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалициянын аскердик учактары Сириядагы Иранга таандык 3 аскердик пункту бутага алды.
![Иран буктурмаларына абадан операция жүргүзүлдү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/dc84/480a/ce89/5e69d703264d0.jpg?time=1719049816)
Иракта Америка базасынын кол салууга учурашынан кийин АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалициянын аскердик учактары Сириядагы Иранга таандык 3 аскердик пункту бутага алды.
Коалицияга таандык аскердик учактар Букемал районундагы Имам Али базасы, өнөр жай жана Хизма аймактарындагы аскердик пунктарды атты. Булактар Иран Төңкөрүш Гвардиясы жана буларга караштуу террордук топтор болгон базада каза болгон жана жаралангандардын бар экендигин билдирди.
АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы Коалиция катчысы полковник Майлз Кэггинс кечээ кечинде Ирактагы коалиция күчтөрү болгон Тажи лагеринин ракета менен атылгандыгын белгилеп, АКШ медиасы да 2 Америка аскери менен бир британдыктын каза болгондугун, 11 кишинин жаралангандыгын билдирген.
АКШ медиасына маалымат берген жетекчилер бул кол салуунун Иранга жакын топтор тарабынын жасалышы мүмкүн экендигине көңүлдөрдү бурган.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/df8b/65dd/132e/61f21565413ee.jpg?time=1719049816)
Грецияда Ковид - 19дан ооруканага жаткандардын саны өсүүдө
Акыркы төрт жумада ооруканага жаткырылгандардын орточо саны 166 болду.