Коронавирус көрсөткүчтөрү

Кытайда коронавирустан каза тапкандардын саны көбөйдү.

1370496
Коронавирус көрсөткүчтөрү

Кытайда жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) эпидемиясынан каза тапкандардын саны 2 миң 945 кишиге жетти.

Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 сааттын ичинде 31 киши көз жумуп, вирусту жуктурган дагы 125 бейтап катталды.

Ушундайча өлкөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 2 миң 945ке, айыккандардын саны болсо 47 миң 204 кишиге жетти.

Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон жаңы типтеги коронавирустун кыска убакытта башка шаар жана өлкөлөргө жайылганы боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму «Өзгөчө абал» жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар