Эгей деңизинде качкындардын кайыктарын грек жээк коопсуздук кайыктары артка карай түрттү

Кайыктары толкунга жетеленген качкындар түрк жээк коопсуздук командирлиги тарабынан куткарылды.

1370017
Эгей деңизинде качкындардын кайыктарын грек жээк коопсуздук кайыктары артка карай түрттү

 Европага баруу үчүн резина кайыктар менен Эгей деңизине чыккан бир топ качкындын грек жээк коопсуздук күчтөрү тарабынан артка түртүлгөндүгү байкалды.

Акыркы күндөрдө Европага баруу үчүн миңдеген качкын бир тараптан кургактыктан Эдирнедеге чек ара капкасында күтүп жаткан болсо бир тараптан да деңиз жолу менен Грецияга баруу үчүн жээктерге карай жолгы чыгышты.

Грецияга баруу үчүн  резина кайыктар менен Эгей деңизине чыккан бир топ качкын Греция  территориясына киргенде грек жээк коопсуздук кайыктары тарабынан артка карай түртүлдү. Бул учурлар камерага түштү.

Кайыктары толкунга жетеленген качкындар түрк жээк коопсуздук командирлиги тарабынан куткарылды. Куткарылган качкындар грек жээк коопсуздугунун кайыктарынын бензин түтүктөрүн  кесип кыймыл кылуусуна тоскоол болгондугун, өлүмгө ташташкандарын билдиришти.

Иретсиз качкындар ыңгайсыз аба шарттарында деңиздин ортосунда калышкандарын белгилеп, куткарган түрк куралдуу коопсуздук командирлигине ыракмат айттышты.



Тектеш кабарлар