Орусиянын шейиттерге байланыштуу билдирүүсү

Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү жарыялады.

1368185
Орусиянын шейиттерге байланыштуу билдирүүсү

Орусия, Сириянын Идлиб аймагындагы режимдин кол салуусунан 33 аскер шейит болгондон кийин үн катты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, «туура эмес жерде болгондору» айтылган түрк аскерлеринин «режимдин согуштук учактары тарабынан атылгандыгы» белгиленди.

Түрк аскерлери атылган аймакта орус учактарынын болбогондугу, операция жүргүзбөгөндүгү айтылган билдирүүдө: «Бул окуядан кийин аймакта ок атышууларды токтотууга даярбыз»,-делди.

Министрлик айрыкча Түркиянын Идлибдеги координация борбору менен тынымсыз байланыш куруп жаткандарын кабарлады.



Тектеш кабарлар