Хафтер күчтөрү Митига аэропортуна кол салды

Митига аэропорту айдын башынан бери Хафтердин куралдуу кишилери тарабынан төрт жолу бутага алынды.

1367308
Хафтер күчтөрү Митига аэропортуна кол салды

Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишиле борбор шаар Триполинин тышка ачылган бир гана каалгасы Митига аэропортуна ракета менен кол салды.

БУУнун негизинде мыйзамдуу Улуттук ынтымактык өкмөтүнө караштуу «Кыжырдануунун вулканы» операциясынын басма сөз борборунан берилген жазуу түрүндөгү маалыматына караганда Хафтердин куралдуу күчтөрү Митига аэропортун град ракетасы менен атты бирок каттамдар токтотулган жок.

Хафтердин куралдуу кишилери Митига аэропортуна кечээ түнү да ракеталык кол салган жана каттамдар коопсуздук максатында 2 саатка токтотулган.

Митига аэропорту айдын башынан бери Хафтердин куралдуу кишилери тарабынан төрт жолу бутага алынды.



Тектеш кабарлар