НАТО Идлибге кол салуунун токтотулушун талап кылды

Йенс Стольтенберг, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйналышынын алгачкы күнүндөгү отурумунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1358873
НАТО Идлибге кол салуунун токтотулушун талап кылды

НАТОнун баш катчысы Йенс Стольтенберг,Сириянын Идлиб аймагында арткан чыңалуу тууралуу: «Орусия колдогон Асад режими карапайым адамдардын өмүрүн кыйган бул кол салууларынын бардыгын токтотушу керек»,-деди.

Йенс Стольтенберг, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйналышынын алгачкы күнүндөгү отурумунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

«Анадолу» агенттигинин «Идлибде арткан аскердик чыңалуу жыйналышында кандай көлөмдө күн тартипке келди? НАТОдон мүчөсү Түркияга бул темада так колдоо күтүлүүдөбү?» деген суроосуна жооп берген Столтенберг: «Идлибдеги абал бүгүнкү жолугушууда күн тартипке келди. Учурда (аймакта) көргөндөрүбүз, аесуз түрдө күч колдонуунун, карапайым адамдарга карай ашкере кол салуунун жана жарандык буталардын айырмаланбастан бомбаланышынын натыйжасы болуп саналат. Муну айыптайбыз, анткени кабыл алына турган эмес»,-деп айтты.

Столтенберг, «Орусия колдогон Асад режимине карапайым адамдардын адамдардын өмүрүн кыйган бул кол салууларынын бардыгын токтотуу» чакырыгын салды.

НАТОнун Түркияга колдоо көрсөткөнүн эске салган Столтенберг, буга мисал катары, Түркиянын абадан коргонуу системаларын күчтөндүргөн айрым техникаларды ишаарат кылды.

Столтенберг, Идлибдеги абалдын абдан санааркатуучу болгонун айтты.



Тектеш кабарлар