Дайынсыз болуп жаткан Ми-17 тик учагынын калдыгы 8 айдан кийин табылды

Тик учакта 12 киши болгон.

1357211
Дайынсыз болуп жаткан Ми-17 тик учагынын калдыгы 8 айдан кийин табылды

Индонезиянын чыгышындагы Папуа аймагында орто эсеп менен 8 ай мурда дайынсыз жоголгон аскердик тик учактын калдыгы табылды.

«Компас» гезитинин кабарына караганда аскердик жетекчилер, 28-июнда байланыш үзүлгөн жана ичинде 12 киши болгон Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактын калдыгынын Оксоп аймагында табылгандыгын белгилешти.

Жетекчилер 60 кишилик аскердик кызматкердин кырсыкта каза тапкандарды эвакуациялоо ишин баштай тургандарын кабарлашты.

Аймактагы Оксибил аймагынан Сентаниге бара жатканда кулап түшкөндүгү божомолдонгон тик учак, 2 айга созулган издөө-куткаруу иштеринде табылбай койгон эле.



Тектеш кабарлар