Помпео - Гуайдо жолгушуусу

Гуайдо кечээ да АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкан.

1355157
Помпео  - Гуайдо жолгушуусу

 АКШнын   мамлекеттик катчысы Майк Помпео өзүн  убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаган венесуэлалык оппозициячыл Хуан Гуайдо менен  Ак үйдө жолугушту.

АКШнын тышкы иштер минитрлигинин катчысы Морган Ортагус Помпео жана Гуайдонун жолугушуусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Жолугушууда Гуайдонун Вашингтондогу жолугушуулары каралгандыгы белгиленип Майк Помпео менен Гуайдонун Венесуэлада демократиялык актерлор жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен эркин жана адилеттүү  президенттик жана улуттук парламент шайлоолорун текшерүүдөн жооптуу  убактылуу өкмөттү куруу темасын карап чыгышкандары белгиленди.

Маалыматта : «Министр Помпео жана убактылуу президент Гуайдо Венесуэла калкынын көптөгөн жылдардан берки талабы Мадуро диктаторлугунун акырына чыгарылышы, демократия, экономикалык бейкуттук жана Венесуэла калкынын кадыр  - баркынын калыбына келтирилиш үчүн күрөштүн күчтөндүрүлүшүндө макулдашышты»,- деп билдирилди.

Гуайдо кечээ да АКШнын президенти Дональд Трамп менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар