Орусия: «Коронавирус вакцинасы 8-10 айдын ичинде иштелип чыгышы мүмкүн»

Орусиянын саламаттык сактоо министри маалымат берди.

1354159
Орусия: «Коронавирус вакцинасы 8-10 айдын ичинде иштелип чыгышы мүмкүн»

Орусия, коронавирус вакцинасынын 8-10 айдын ичинде иштелип чыгышы мүмкүн экенин билдирди.

Темага байланыштуу маалымат берген Орусиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко, вакцина иштеп чыгуу процессинин оңой эмес экенин баса белгилеп: «Вакцинаны иштеп чыгуу мөөнөтү 8-10 айга созулушу мүмкүн. Клиникалык сыноолор азырынча ишке ашпаган биринчи баскычтабыз»,-деди.

Бир тараптан өткөн күндөрдө Орусиянын Гуанчжоудагы консулдугунун интернет баракчасында жарыяланган билдирүүдө: «Орусиялык жана кытайлык эксперттер коронавируска каршы вакцина иштеп чыгуу үчүн аракет кылып жатышат» деп айтылып, вирустун геномунун Пекинден Москвага жөнөтүлгөндүгү да белгиленген эле.



Тектеш кабарлар