Коронавирус эпидемиясы күч алууда

Коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны көбөйдү.

1353431
Коронавирус эпидемиясы күч алууда

Кытайда жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын саны 491 кишиге, вирусту жуктургандардын саны 24 миң 324кө жетти.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүнө караганда, коронавирус эпидемиясынан каза тапкандардын 490у Кытайда, бирөө Гонконг автономиялуу аймагында катталды.

Муну менен бирге коронавирусту жуктурган бейтаптардын саны 3 миң 219нун абалы оор жалпы 24 миң 324 кишиге жетти.

Вирусту жуктуруп алышы мүмкүн деп шектелгендердин саны 23 миң 260ка, байкоого алынгандардын саны болсо 185 миң 555 кишиге жетти.

Кытайга караштуу Гонконг автономиялуу аймагында инфекцияга кабылгандардын саны 18, Макао автономиялуу аймагында болсо 10 кишиге жетти.

Жаңы типтеги коронавирус алгач Хубэй аймагына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда аныкталган болчу.



Тектеш кабарлар