Аргентинада жетишсиз тамактануу жана таза суунун жоктугу балдардын көз жумушуна себеп болууда

Жооптуу кызматкерлер каза болгон 6 баланын арасында 18 айлык бир ымыркай баланын да болгонун маалымдашты.

1352491
Аргентинада жетишсиз тамактануу жана таза суунун жоктугу балдардын көз жумушуна себеп болууда

 

Аргентинанын түндүк батышында эң аз 6 бала жетишсиз тамактануу жана кирдеген суу ичкенинин себебинен көз жумду.

Жооптуу кызматкерлер каза болгон 6 баланын арасында 18 айлык бир ымыркай баланын да болгонун маалымдашты.

Өлкөнүн массалык маалымат каражаттарында орун алган кабарларда Салта провинциясынын Тартагал шаарында эң аз 26 кишинин да жетишсиз тамактануу жана таза сууга жете албагандыгынан ооруканада дарыланып жатканы белгиленди.

Кабарларда сууларда айыл чарба дарысы пестицид болгону жана аймактын калкынын таза сууга жетүүсү мүмкүн болбогону, Салта өкмөтүнүн балдардын өлүмдөрүнүн себебинен провинцияда курч кырдаал жарыялаганы белгиленди.



Тектеш кабарлар