Орусия менен Сирия режиминин согуштук учактары кол салууну улантып жатышат
Кечээки кол салууларынан 11 жаран каза болду.
![Орусия менен Сирия режиминин согуштук учактары кол салууну улантып жатышат](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1eb2/1eea/0bdd/5e0092dbb5a73.jpg?time=1718991193)
Сирияда Асад режиминин согуштук учактары, Идлиб аймагындагы кол салууларынан качып бараткан унааны бутага алып 7 жаран каза болду. Жарандык коргонуу булактарынан алынган маалыматка караганда, унаадагы өчөөсү бала, үчөөсү аялдан турган жалпы 7 жаран көз жумду.
Кечээ да Орусия менен Сирия режиминин согуштук учактарынын Идлиб аймагындагы отурукташуу жерлерин бутага алган кол салууларынан 11 жаран каза тапты.
Оппозициячылдарга таандык учак оберваториясына караганда, орус согуштук учактарынын кол салууларынан 9, Сирия режимине таандык согуштук учактардын кол салууларынан болсо 2 жаран көз жумду.
Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб облусу, 2011-жылы жарандык согуш башталгандан бери оппозициячылдардын жана режимге каршы куралдуу топтордун чеби мүнөзүндө.