Кытайдан жайылган коронавирус жана акыркы абал

Коронавирустун себебинен Кытайда да каза тапкандардын саны көбөйүүдө.

1351617
Кытайдан жайылган коронавирус жана акыркы абал

Жаңы түрдөгү коронавирустун себебинен алгач ирет Кытайдын тышындагы бир өлкөдөн өлүм кабары келди.

Филиппинде вирус аныкталган 2 оорукчандан бири каза болду.

Өткөн аптада борбор шаар Манилада жөтөл жана тамак ооруганы даттануусу менен доктурга барган жана жасалган анализдерде жаңы түрдөгү коронавирус диагнозу коюлган 44 жаштагы бир Кытай жараны көз жумду.

Коронавирустун себебинен Кытайда да каза тапкандардын саны көбөйүүдө.

Эпидемиянын себебинен каза тапкандардын саны 304кө, эпидемиядан таасир алгандардын саны болсо 14380 деп белгиленип, анын ичинен 2110нун абалы оор экени маалымдалды.

 Каза болгон кишилердин сөөктөрүнүн ооруканага жакын жердеги крематорий зоналарында өрттөлө турганы жарыяланды.

Кытайда эмидемиянын чыккан жери Хубэй провинциясы жана вирус пайда болгон Ухань шаарында жолдор жабык. Коомдук транспорт иштебей турат. Шаар карантинге алынган.

Вирусту көзөмөлгө алыш үчүн саякаттар жана жумуштар дагы чектелген түрдө ишке ашууда.

Бириккен Араб Эмирликтеринде болсо вирус жуккан киши саны 5ке жетти.

Оору жуккандардын саны 20га жеткен Жапонияда паспортун Хубэй провинциясынан алгандардын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилбей жатат.

10 кишиде вирус табылганы белгиленген Австралия болсо Кытайдан келген жүргүнчүлөрдү өлкөгө киргизбей жатат.

Израиль башкаруусу да коронавирус эпидемиясынын себебинен 50 кытайдын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берген жок.

Көп сандаган Европа өлкөсү Ухандагы атуулдарын чыгарып кетүү үчүн иш-аракетин кылууда.

Эвакуацияланган европалыктар, эки учак менен Франция жана Англияга жеткирилди.

Германия дагы атуулдарын аскердик учак менен алып кетти.

Индонезия болсо 238 атуулун чыгарып кетти.

Катар дагы Кытайга каттамдарын 3-февралдан тарта токтотот.



Тектеш кабарлар