Орусияда биринчи жолу коронавирус катталды
Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова журналисттерге маалымат берди.
![Орусияда биринчи жолу коронавирус катталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1f9d/14fa/05c1/5e3428cc4c84c.jpg?time=1719017190)
Орусияда биринчи жолу жаңы типтеги коронавирус катталды.
Орусиянын вице-премьери Татьяна Голикова борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында, 2 кишиде жаңы типтеги коронавирус табылганын кабарлады.
Оорулуулардан бирөөсү Тюмень, экинчиси болсо Сибирдин түштүгүндөгү Забайкалья аймагында экенин белгилеген Голикова: «Эки оорулуу тең Кытай жараны»,-деди.
Орусиянын эпидемияга каршы кошумча чара көрүп жатканын баса белгилеген Голикова: «Кытайдын Хубэй аймагындагы орус жарандарын эвакуациялайбыз. Айрыкча Монголия чек арабыздагы кирип-чыгууларга чектөө коебуз»,-деп айтты.
Кытай жарандарына жумушчу визасын берүүнү да токтотууну чечкендерин билдирген Голикова, оорулуулардын байкоого алынгандарын айтты.
Орусия жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен Кытай менен чек арасын жабуу чечимин чыгарган болчу.