БАЭде биринчи жолу коронавирус катталды

Вирусту жугузуп алган кишилердин медициналык көзөмөлгө алынгандары билдирилди.

1349508
БАЭде биринчи жолу коронавирус катталды

Бириккен Араб Эмирликтеринде биринчи жолу жаңы типтеги коронавирус катталды.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кытайдын Ухань шаарынан келген үй-бүлөнүн мүчөлөрүндө жаңы типтеги коронавирустун аныкталганы кабарланды.

Билдирүүдө аты аталган вирусту жугузуп алган кишилердин саламаттык абалдарынын туруктуу экени жана медициналык көзөмөлгө алынгандары билдирилди.

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилеген шарттарга жараша керектүү чаралардын көрүлүп жаткандыгы жана тынчсыздандыруу жаратпагандагы маалымдалды.  



Тектеш кабарлар