Абдулфеттах эс-Сисиге каршы Лондондо нааразылык акциясы өттү

Египеттин Төңкөрүшчүл консейинин чакыруусу менен саммит өткөрүлгөн Intercontinental Hotel O2нин алдында чогулган митингчилер, Сиси жана Жонсонго каршы жазылган плакаттарды көтөрүп, ураандарды чакырышты.

1344365
Абдулфеттах эс-Сисиге каршы Лондондо нааразылык акциясы өттү

Египеттин президенти Абдулфеттах эс-Сиси Англиянын премьер-министри Борис Жонсондун чакыруусу боюнча Англия-Африка Инвестиция саммитине катышуу үчүн барган Лондондо нааразылык акциясына туш болду.

Египеттин Төңкөрүшчүл консейинин чакыруусу менен саммит өткөрүлгөн Intercontinental Hotel O2нин алдында чогулган митингчилер, Сиси жана Жонсонго каршы жазылган плакаттарды көтөрүп, ураандарды чакырышты.

Нааразылык акциясында Анадолу агенттигине маалымат берген Египеттин Төңкөрүшчүл консейинин төрагасы др.Маха Азам: «Бардык эркин египеттиктер Сисинин бул жерге келишине нааразылык билдирүү үчүн чогулду»,-деди.

Азам: «Генерал Сиси канкор болуп саналат. Карапайым египеттиктердин канкору»,-деп айтып Сисинин кыйноо кылмышы менен кармалышы үчүн кайрылгандарын айтты.

Борбору Англиянын Лондон шаарында орун алган Эл аралык Адилеттик Палаталарынын (Guernica 37) Египеттин шайланган алгачкы президенти Мухаммед Мурсинин абактарда дуушар болгон кыйноолорду документтештиргенин эске салган Азам: «Бул кыйноо Сисинин буйругу боюнча жасалды. Эл аралык укукка караганда бул өлкөдө кармалышы мүмкүн»,-деп айтты.

Мурси, 2013-жылы Сиси тарабынан жүргүзүлгөн аскердик төңкөрүш менен кулатылган.



Тектеш кабарлар