Израилден Газага карата кол салуу

Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок.

1341642
Израилден Газага карата кол салуу

Израиль аскердик учактары Газанын түндүгүндө Хамастын аскердик канаты Иззеддин ел  - Кассам полкуна таандык бир жерди атты. 

Израиль аскердик учактары бутага алган аймакта жарандарга таандык имараттар зыян тартты. Кол салууда каза болгон же жаралангандар болгон жок. 

Бир тараптан Израиль армиясынан берилген маалыматта Газадан Израиль тарабына 4 ракета атылгандыгы, экөөсүнүн абада жардырылгандыгы белгиленди. Газадан атылгандыгы билдирилген ракеталардын жоопкерчилигин эч ким моюнга алган жак. 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар