Глобалдык жылуулук акыркы 10 жылдын эң жогорку деңгээлине жетти

2019-жыл болсо 140 жылдын ичиндеги экинчи эң ысык жыл болду.

1341917
Глобалдык жылуулук акыркы 10 жылдын эң жогорку деңгээлине жетти

АКШда илимпоздор, акыркы 10 жылдын ушул учурга чейин дүйнөдө өлчөлгөн эң ысык мезгил болгонун билдиришти.

Улуттук авиация жана космостук агенттиги (НАСА) менен Улуттук океан жана атмосфера башкармалыгы (NOAA), Жер бетиндеги кургактык жана деңизден алынган жылуулук көрсөткүчтөрүн жарыялашты.

Билдирүүдө 2010-2020-жылдардын аралыгында дүйнөдө орточо жылуулук 14,7 градус деп аныкталгандыгы, мунун 20-кылымдын орточосунун 0,8 градус жогору экени кабарланды.

Жетекчилер 2019-жылдын болсо 140 жылдын ичиндеги экинчи эң ысык жыл болгонун баса белгилешти.

Көп сандаган илимпоздор токой өрттөрү, мөңгүлөрдүн эриши, туруксуз аба ырайынын адамдар менен байланышы бар экендигине басым жасашкандары белгиленген билдирүүдө, келээрки жылдардын дагы да ысык болушу мүмкүн деп божомолдонуп жаткандыгы кабарланды.

 



Тектеш кабарлар