Перуда сел жүрүп көп сандаган адам көз жумду

Ошондой эле селден көпүрө мене үйлөр кулап, малдар кырылып калды.

1337543
Перуда сел жүрүп көп сандаган адам көз жумду

Перуда катуу жааган жамгырлар себеп болгон селдин айынан 28 адам көз жумуп, 16 киши жаракат алды.

Перунун басма сөзүндөгү кабарларга караганда, Улуттук жарандык коргонуу институтунун билдирүүсүндө, нөшөрлөп жааган жамгырлардан улам айрым аймактарда сел жүрүп анын кесепетинен 28 кишинин каза тапкандыгы, 16 кишинин жаракат алгандыгы белгиленди.

Улуттук жарандык коргонуу институтунун төрагасы Хорхе Чавес, селдин айынан бир канча талаа аянтынын да зыян тарткандыгын кабарлады.

Сел сууларынын 1347 үйгө зыян келтиргенин билдирген Чавес: «Селден улам 52 үй урап, 240 үй жарактан чыгып калды. Ошондой эле айрым аймактардагы 14 көпүрө куласа, 245 мал кырылып калды»,-деди.



Тектеш кабарлар