Иранда автобус оодарылып көп киши каза тапты

Тегерандан Кунбедге каттаган автобус Мазендеран провинциясына караштуу Дуаб жергесине жеткенде оодарылып кетти.

1338085
Иранда автобус оодарылып көп киши каза тапты

Ирандын Мазендеран провинциясында автобус оодарылып кетип 20 киши каза тапты.

Ирандын мамлекеттик телеканалына караганда Тегерандан Кунбедге каттаган автобус Мазендеран провинциясына караштуу Дуаб жергесине жеткенде оодарылып кетти.

Кырсыкта алгачкы белгилөөлөргө караганда 20 киши каза таап, 23 киши жаракат алды.

Жаралууларга окуя болгон жерде алгачкы тез жардам көрсөтүлгөндөн кийин аймактагы ооруканаларга жеткирилди.

Жыл сайын 20 миң киши транспорт кырсыгында каза тапкан Иранда, ашыкча ылдамдык, чаалыккан абалда унаа айдоо жана жаңылыш авгон алуулар башкы себептеринин арасында көрсөтүлгөн.



Тектеш кабарлар