Австралияда өрттөн качкан миңдеген киши деңиз жээгине баш калкалады

Австралияда токой аянттарында чыккан жана кээ кээде отурукташуу аянттарына да өткөн өрттөрдөн улам миңдеген киши баш калкалоо үчүн деңиз жээктерине качышты.

1332671
Австралияда  өрттөн  качкан миңдеген киши деңиз жээгине баш калкалады

Австралияда токой аянттарында чыккан жана кээ кээде отурукташуу аянттарына да өткөн өрттөрдөн улам миңдеген киши баш калкалоо үчүн деңиз жээктерине качышты.

Викториа аймагына караштуу жээк кыштагы болгон Маллакотада чыккан өрттүн отурукташуу жерлерине жакындашы менен 4 миңге жакын киши жээк, пристан жана кемелерге баш калкалашты.

Викториа аймагынын премьер- министри Даниел Эндрюс аймакта калган кишилерди деңиз жолу аркылуу эвакуациялоо пландарынын бар экендигин жана өрткө байланыштуу кургактык жолу менен жетишиле албаганкишилерге деңиз жолу менен жетишүүгө болорун белгиледи.

Аймакта төрт кишиден кабар алына албагандыгын билдирген Даниел Эндрюс : «Кайда экендерин аныктай албай жатабыз»,- деди.

Жетекчилер арткан ысыктык, шамал жана чагылгандардын таасири мененВикториа менен Жаңы Түштүк Галлер аймактарындагы өрттөрдүн жайылып бара жаткандыгын айтты.

Жетекчилердин Жаңы Түштүк Галлер аймагынын Корбарго кыштагында эки кишинин дагы сөөгүнүн табылышы менен өрттөн улам каза болгондордун саны 12ге жетти.

Каза болгондордон үчөөсүнүн ыктыярдуу өрт өчүргүч экендиги белгиленди.

Жаңы Түштүк Галлердеги өрттөрдөн улам 5 миллион гектардык аянт күлгө айланып жана 1000ден ашуун үй жок болгон.



Тектеш кабарлар