Россиянын президенти В. Путин АКШнын президентине ыракмат айтты

АКШнын Россияда террордук кол салуу үчүн даярданган 2 кишинин кармалышына мүмкүнчүлүк берген  чалгындоо кабарларын бөлүштү.

1331734
Россиянын президенти В. Путин АКШнын президентине ыракмат айтты

 Россиянын президенти В. Путин АКШнын Россияда террордук кол салуу үчүн даярданган 2 кишинин кармалышына мүмкүнчүлүк берген  чалгындоо кабарларын бөлүшкөндүктөн АКШнын президенти Дональд Трампка ыракмат айтты.

Кремлдин басма сөз кызматынан берилген маалыматта Путиндин Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди.

Маалыматта : «В. Путин Россияда террордук кол салууларды алдына алууда жардамчы болгон, атайын сервис жолу менен билдирилген маалымат үчүн АКШнын президенти Дональд Трампка ыракмат айтты»,- деп билдирилди. Өзгөчө эки лидердин террор менен күрөшүүдө кызматташууну улантуу боюнча макулдашкандары баса белгиленди.

Эки лидердин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин Россия федерациясынын коопсуздук кызматы тарабынан берилген маалыматта жаңы жылдык майрамда Санкт Петербург шаарында эл көп боло турган жерлерде террордук кол салууга даярданган эки орус жаранынын колго түшүрүлгөндүгү жарыяланды.

Маалыматта Санкт Петербургда террордук кол салуу тууралуу маалыматтын Россияга АКШ тарабынан билдирилгендиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар