Миңдеген эфиопиялык үй кызматы үчүн Сауд Арабияга жиберилди

Эфиопия иретсиз миграцияга тоскоол болуу үчүн билим берген миңдеген үй кызматкерин Сауд Арабияга иштөө үчүн жиберди.

1331902
Миңдеген эфиопиялык  үй кызматы үчүн Сауд Арабияга жиберилди

Эфиопия иретсиз миграцияга тоскоол болуу үчүн билим берген миңдеген үй кызматкерин Сауд Арабияга иштөө үчүн жиберди.

Эфиопиянын Рияд элчиси Абдулазиз Ахмед жергиликтүү ФАНА телекөрсөтүүсүнө берген маалыматта акыркы 8 айда 11 миң үй кызматкеринин Сауд Арабияда иштөө үчүн керектүү мыйзамдуу иштерин бүткөрүшкөндөрүн белгиледи. Ахмед керектүү уруксаттарды алган кишилердин көпчүлүгүнүн Сауд Арабияда иштей баштагандыгын айтты.

Август айында да  Бирккен Араб Эмирликтерине кызматчы жибере баштаган Эфиопия бул өлкөлөр менен бирге Катар жана Иордания менен да жумушчу келишимин түзгөн.

Эфиопия көпчүлүк учурда мыйзамсыз жолдор менен бул өлкөлөргө иштөө үчүн барган жана жаман мамилеге дуушар болгон жарандарын коргоо үчүн өткөн жылдарда атайын иш баштаган.

Кээ бир араб өлкөлөрүндө расмий документтери болбогон чет элдик кызматчылардын буюм сыяктуу сатылышы эл аралык медиада кенен жайылган.



Тектеш кабарлар