Украина АКШдан анти-танк ракетасын алмай болду

Анатолий Петренко, Javelin аттуу анти-танк ракетасынын экинчи партиясынын алынышы темасында АКШ менен макулдашкандарын айтты.

1330869
Украина АКШдан анти-танк ракетасын алмай болду

Украинанын коргоо министринин орун басары Анатолий Петренко, Javelin аттуу анти-танк ракетасынын экинчи партиясынын алынышы темасында АКШ менен макулдашкандарын айтты.

Петренко, борбор шаар Киевде өткөргөн маалымат жыйынында, НАТОну колдоо жана камсыздоо агенттиги аркылуу Javelinди алгандарын белгилеп, «Коргоо министрлиги, АКШдан чыккан Javelin анти-танк ракетасынын экинчи партиясынын алынышы темасында макалдашууга жетишти. Бул биз үчүн чындап эле абдан маанилүү келишим»,-деп билдирди.

Украинанын кибердик согуш жана чалгындоо станциясын да заказ бергенин билдирген Петренко, жаңы үлгүдөгү курал жана аскердик куралдардын ылдам түрдө армиянын инвентарына кошулушу үчүн аракет кылгандарын сөз кылды.

АКШ, Украинага 2018-жылы баасы 47 миллион доллар болгон 210 Javelin анти-танк ракетасын жана 37 Javelin учуруу комплексин тапшырып берген.

АКШнын Мамлекеттик департаменти октябрь айында Украинага 39,2 миллион доллардык 150 Javelin анти-танк ракетасы менен 10 учуруу платформасынын сатылышын бекиткенин билдирген.



Тектеш кабарлар