Канадада 6,2 баллдык жер титирөө болуп өттү

Тынч океанда дүйшөмбү күндөн бери 4,8-6,0 баллдын арасында 5 жолу жер титирөө болуп өткөн.

1329138
Канадада 6,2 баллдык жер титирөө болуп өттү

Канаданын Британдык Колумбия штатынын Ванкувер шаарында 6,2 баллдык жер титирөө болуп өттү.

Канаданын Жер титирөөнү иликтөө борборунун жарыясында жер титирөөнүн эпицентри Ванкувердин 188 чакырым батыш жагындагы Порт Харди экени маалымдалды.

Жер титирөөнүн жердин 10 чакырым астында болгону жана Ванкувер менен катар Ричмонд шаарында да сезилгени белгиленди.

Жер титирөөдөн кийин жан же мүлк жоготуусу болгон жок, цунами эскертүүсү да берилген жок.

Тынч океанда дүйшөмбү күндөн бери 4,8-6,0 баллдын арасында 5 жолу жер титирөө болуп өткөн.

 



Тектеш кабарлар