Орусия АКШга жооп кайтарат

Лавров журналисттерге маалымат берди.

1328211
Орусия АКШга жооп кайтарат

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, АКШнын «Түндүк агым-2» жана «Түрк агымы» газ куурларына карата санкция чечимине жооп кайтара тургандарын айтты.

Лавров журналисттерге берген маалыматында, АКШнын санкция чечимине байланыштуу Орусиянын кылдат иштей турганын жана абалды талдай турганын белгиледи.

Москванын бул санкцияларга жооп кайтара турганын баса белгилеген Лавров: «Эл аралык мыйзамдын баардык нормаларын, баардык дипломатиялык жана гуманитардык сылыктыкты бузган бул кабыл алынгыс орой мамилеге жооп кайтарылаарына кепилдик беремин»,-деп айтты.

Лавров АКШнын санкция, ультиматум жана коркутуу ыкмаларын колдонуп атаандаштарына кыр көрсөтүп жатканын айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп, орус газын Кара деңиз аркылуу Түркияга ташый турган «Түрк агымы» менен Балтика деңизи аркылуу Германияга жете турган «Түндүк агым-2» долбоорлоруна карай санкцияларды камтыган 2020-жылкы Улуттук коргонуу мыйзамына кол койгон болчу.

Бул мыйзам, Орусиянын энергетика экспортуна салым кошкон газ куурларынын курулушунда кызмат кылган айрым кеме ишканаларына санкция киргизилиши шартын коюуда.



Тектеш кабарлар