Трамптын мурунку кеңешчисине абак жазасы

Рик Гейтс, Орусия териштирүүсүнүн алкагында 45 күндүк аба жазасы жана 20 миң долларлык акчалай жазага тартылды.

1325403
Трамптын мурунку кеңешчисине абак жазасы

АКШнын президенти Дональд Трамптын мурунку үгүт иштери боюнча кеңешчилеринен Рик Гейтс, Орусия териштирүүсүнүн алкагында 45 күндүк аба жазасына тартылды.

Вашингтондун аймактык соту, Трамптын шайлоо учурундагы үгүт иштерине жардамчы болгон жана Орусия териштирүүсүнүн алкагында «акча адалдоо» жана «федералдык териштүү кызматкерлерине жалган айткандыгы» да арасында болгон ар түрдүү айыптоолор боюнча соттолгон Гейтс туурасындагы өкүмүн жарыялады.

Сот Гейтсти 45 күндүк аба жазасы жана 20 миң долларлык акчалай жазага тартты.

Гейтс атайын прокурор Роберт Мюллер жүргүзгөн Орусия териштирүүсүнүн алкагында 2018-жылдын февраль айында күнөөсүн мойнуна алып жана териштирүүнү жүргүзгөн кызматкерлер менен кызматташууну кабыл алган эле.



Тектеш кабарлар