Жүргүнчүлөрү менен учуп бараткан учакка чагылган тийди

Учакта 41 жүргүнчү болгон.

1312838
Жүргүнчүлөрү менен учуп бараткан учакка чагылган тийди

Замбияда Ливингстон-Лусака каттамдарын жүргүзгөн Профлайт авиакомпаниясына таандык жүргүнчү учагына чагылган тийди.

Улуттук медиада орун алган кабарларга караганда, 41 жүргүнчүсү болгон жана жерден 5 миң 800 метр бийиктикте баратканда чагылган тийген учак, учкучтун чебердиги менен Лусакага конду.

Кырсыктан кийин тартылган фотосүрөттөрдө учактын тумшугунун жана бир канатынын чоң заян көргөндүгү байкалды.

Профлайт авиакомпаниясынын жетекчиси Фил Лемба, жүргүнчүлөрдүн коопсуз түрдө учактан түшүрүлгөндүгүн айтты.



Тектеш кабарлар