Путин-Зеленский сүйлөшүүсү
Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Нормандия төрттүгүнүн (Германия, Франция, Орусия, Украина) лидерлер самминин алдында телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бул сүйлөшүүдө Орусиянын Кара деңизде Керчь кысыгына жакын жерде кармап алган согуштук кемелерди Украинага тапшырып бергендиги темасынын каралгандыгы маалымдалды.
Ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосундагы газ өткөрүү жана орус газынын Украина аркылуу Европага жеткирилиши маселесинин кеңири сүйлөшүлгөндүгү белгиленди.
Украинанын чыгышындагы кризиске байланыштуу Нормандия төрттүгүнүн лидерлер саммити 9-декабрда Франциянын баш калаасы Парижде өткөрүлөт.
Тектеш кабарлар
Норвегия Мустафага Палестинаны таанууга байланыштуу документтерди тапшырды
Эспен Барт Эйде Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Мустафа менен жолугушту.